“Бишкек Аренанын" курулушуна 60 миллион доллар сарпталганбы?
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 сентябрь

“Бишкек Аренанын" курулушуна 60 миллион доллар сарпталганбы?

Соңку күндөрү социалдык тармактарда, айрым блогерлердин жана жарандардын баракчаларында “Бишкек Арена” комплексинин курулушуна “60 миллион доллар сарпталды” деген туура эмес маалыматтар активдүү тарап жатат.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул билдирүүлөр чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Анын айтымына караганда, бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес.

"Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз. Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт.

Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар. Биздин стадион, албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли", - деди ал. 

Алагөзов учурда курулушка кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөндүгүн кошумчалады. 

"Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди. Комиссиянын иши болжол менен 1-2 айга созулуп, бардыгын деталдуу карап чыгат жана анын жыйынтыгында курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат", - деп, жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.