Жалал-Абаддын атын өзгөртүү үчүн 15 миллион сом керектелет
11 сентябрь

Жалал-Абаддын атын өзгөртүү үчүн 15 миллион сом керектелет

Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 млн. 999818 сом керектелет.

Бул каражатка төмөнкүлөр кирет:

  • Аюб-Тоодогу «Жалал-Абад» стеласын өзгөртүү,
  • шаардагы илинген Жалал-Абад шаары деген аталыштарды ѳзгѳртүү,
  • мѳѳрлѳрдү алмаштыруу,
  • почта дарегин ѳзгѳртүү,
  • шаардагы муниципалдык мекеме, ишкана жана уюмдардын Жоболорун Юстициядан каттоо жумуштары жүргүзүлөт.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан шаар тургундары эч кандай чыгымга учурабай тургандыгын ишендиришти. 

"Анткени, алар документтерин алмаштыруусу шарт эмес. Болгону документтерди кайра каттоо, же жаңыдан алуу учурунда гана Манас шаары деген жаңы аталыш менен документтерин алышат".