Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасындагы "Эмгек күнүн" майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилгенин маалымдады.
- 2026-жылдын 30-апрелинен тартып:
- "Иркештам - автожол" өткөрүү пункту 22:00дөн баштап (Бишкек убактысы боюнча) адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот; - "Торугарт - автожол" өткөрүү пункту 20:00дөн баштап (Бишкек убактысы боюнча) өткөрүүнү токтотот.
Бул пункттар аркылуу өтүү 2026-жылдын 2-майында саат 08:00дөн баштап калыбына келет.
- “Бедель – автожол” өткөрүү пункту: 2026-жылдын 1-майынан 5-майына чейин иш жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат.
2026-жылдын 6-майында саат 08:00дөн тартып (Бишкек убактысы боюнча) кадимки тартипте ишин иштей баштайт.
Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында чек ара кезметтери ушул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрбөйт.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына мамлекеттик чек араны кесип өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.
