Опуза талап кылуу фактысы менен энергетика министринин мурдагы орун басары кармалды
ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-февралда 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин 1979-жылы туулган мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Кармалган Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 000 (эки жүз жыйырма миң) АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.
Учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.
