1-декабрга карата чет мамлекеттерде Кыргызстандын 25 458 жараны добуш берди
Бишкек убактысы боюнча 2025-жылдын 1-декабрында түн жарымда Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк 80 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Ошол эле учурда өлкө аймагынан тышкары жайгашкан дагы 20 тилкеде шайлоо уланууда. Бул участоктор - АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Франция.
00:00гө карата добуш берүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 25 458 адамды түздү.
Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо участогунда - 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.
