Поезд менен Бишкектен Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысын үч жарым саатка чейин кыскартуу пландалууда.
Поезд менен Бишкектен Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысын үч жарым саатка чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин поезд аталган каттамды беш жарым саатта басып өтсө, кийин убакыт беш саатка чейин кыскартылган. Учурда поезд Бишкектен Балыкчыга болжол менен төрт саатта жетет.
Кыймылдын ылдамдыгын жогорулатууга темир жол инфраструктурасын модернизациялоо аркылуу жетишилди. Айрым тилкелерде эски рельстер жана жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарга алмаштырылып, кооптуу тилкелер тосулган.
Спасскийдин белгилешинче, буга чейин адамдардын жана малдын темир жолго чыгып кетиши, ошондой эле автоунаалардын темир жол өткөөлдөрү аркылуу өтүшү поезддерди ылдамдыгын үзгүлтүксүз азайтууга мажбур кылып келген.
«Азыр дагы бир аз модернизация иштерин жүргүзүшүбүз керек. Андан кийин үч жарым саатка сөзсүз жетебиз. Бирок бул дагы чек эмес», — деди ал.
Ошол эле учурда ишкана тарабынан долбоорлонуп жаткан жаңы темир жол каттамдарында поезддердин эсептик ылдамдыгы саатына 120 чакырымга чейин каралууда.
Спасскийдин айтымында, мындай ылдамдык Балыкчы – Кочкор жана Балыкчы – Чолпон-Ата багыттарында да каралган.
