Тилек Текебаев Кара-Көл өткөрмө пунктунун айланасын кеңейтүү иштери менен таанышты
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ош-Бишкек автожолунун 385-396-чакырым аралыгындагы Кара-Көл көзөмөл–өткөрмө пунктунун айланасын кеңейтүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Буга чейин облус башчысы президенттин №56 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кара-Көл шаарынын мэрине тийиштүү тапшырмаларды берген.
Анын негизинде аталган жолдун боюнда жайгашкан мыйзамсыз, коопсуздук эрежелери сакталбаган соода жайлары жана тейлөө объектилеринин эки тарабы 16 метр аралыкка чейин кеңейтилди.
Мындан сырткары, Кара-Көл көзөмөл–өткөрмө пунктунан эки тараптуу унаа өтүүчү кошумча жол курулду. Бул аракет менен белгиленген объектте жол жээгиндеги автоунаа тыгыны азайды.
Облус башчысы Тилек Текебаев жылдырылган соода жайларынын сырткы көрүнүшүн белгиленген бирдей дизайнге келтирүү, унаа токтоочу жайларды уюштуу жана коопсуздук эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө тапшырмасын берди.
