Кыргызстан жана Түркия трансплантология тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
18 август

Кыргызстан жана Түркия трансплантология тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо

Бишкекте Р. Т. Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нуруллах Окумуш менен жолугушту.

Түркиялык делегация Кыргызстанга расмий визит менен келген.

Жолугушууда тараптар мурда эки өлкө өкмөттөрү кол койгон келишимдердин алкагында саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, өзгөчө трансплантация жана заманбап дарылоо ыкмаларын Кыргызстанда киргизүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Айрыкча улуттук кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев негизги максат — биргелешкен операцияларды гана өткөрүү эмес, трансплантология боюнча адистерди даярдоо экенин белгиледи:

«Кыргызстанда трансплантацияны ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн биздин адистер биргелешкен операцияларга катышып гана тим болбостон, Түркиянын алдыңкы борборлорунда сапаттуу билим алып, практикалык тажрыйба топтошу зарыл. Биз өз кадрларыбызды — хирургдарды, медайымдарды, операцияга чейинки даярдоо жана операциядан кийинки көзөмөл боюнча адистерди тарбиялап чыгышыбыз керек. Бул жакынкы келечекте бөйрөк жана башка органдарды өз алдынча ийгиликтүү көчүрүп отургузууга жол ачат», — деп белгиледи министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри Түркиялык делегация менен биргеликте түрк дарыгерлери тарабынан ийгиликтүү бөйрөк трансплантациясы жасалган донор жана реципиенттин абалы менен таанышты. Эртең дагы бир операция жасалаары белгиленди. Жакынкы күндөрү түрк адистери дагы бир нече операция өткөрүшөт. Бардык трансплантациялар Кыргызстандын жарандарына акысыз жүргүзүлүп, зарыл каражаттар мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Түркия тарап биргелешкен операцияларды өткөрүп гана тим болбостон, кыргыз трансплантологдорунун толук кандуу бригадасын — хирургдарды, анестезиологдорду, медайымдарды жана операциядан кийинки коштоону камсыз кылган адистерди даярдоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу ортосунда онлайн-жолугушуу өтүп, анда тараптар жогорку технологиялык медициналык кызматтарды өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экенин тастыкташты.

Тараптар мындан аркы кыргыз-түрк кызматташтыгы Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө маанилүү салым кошуп, бейтаптарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишеним билдиришти.