Баткенде "Жаңы Достук" айылы үчүн аба чубалгылар жана көмөк чордондор орнотулууда
26 июль

Баткенде "Жаңы Достук" айылы үчүн аба чубалгылар жана көмөк чордондор орнотулууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформа ишке ашырылууда. Анын алкагында Баткен облусунун аймагында жаңы конуштарды өнүктүрүү иштери ыкчам жүрүп жатат. Калкты туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоо максатында, «КУЭТ» ААК филиалы – Баткен электр тармактары ишканасы тарабынан дагы бир маанилүү инфратүзүмдүк долбоор ишке ашырылууда.

Анын алкагында, тажик тарапка өткөрүлүп жаткан Достук айылынын ордуна "Жаңы Достук" айылы курулууда. Бул жаңы айылга керектүү энергетикалык инфратүзүмдү камсыз кылуу максатында Баткен райондук электр тармактары тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан "Овцекомплекс" багыты боюнча 10 кВ аба чубалгы жаңыдан курулууда. Долбоордун алкагында 114 даана электр мамычасы орнотулуп, 4 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы тартылууда.

Ошондой эле, аймактагы электр кубатын бөлүштүрүү жана керектөөчүлөрдү туруктуу энергия менен камсыз кылуу үчүн кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордондор орнотулууда.

Мындан тышкары 217 даана жаңы электр мамыча орнотулуп, 9,3 чакырым узундуктагы 0.4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгыларын тартууга даярдык аяктады. Өз алдынча изоляцияланган бул зымдар коопсуздукту жана сапатты жогорулатат.

Белгилей кетсек, "Жаңы Достук" айылына 181 турак үй салынууда. Жаңы Достук айылын туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоо максатында күндүн ысыгына карабастан, курулуш аянтында 4 атайын техника жана 17 квалификациялуу жумушчу иштеп жатат. Алар тынбай эмгектенип, белгиленген мөөнөттө объектти бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Аталган жумуштарды сентябрь айына чейин толук бүткөрүү пландалган