Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын санариптик өнүктүрүүнүн негизги кадамдары талкууланды
3 июль

Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын санариптик өнүктүрүүнүн негизги кадамдары талкууланды

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско жана кызыкдар тараптардын катышуусунда «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо тармагындагы санариптик ажырымды жоюу» боюнча Биргелешкен программанын Операциялык комитетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Нургуль Аднаева мындай деп белгиледи:

«Биз үчүн санариптик чечимдер эң алыскы аймактарга чейин жетиши абдан маанилүү. Айрыкча айыл тургундары, энелер жана балдар биздин артыкчылыктуу топ болуп саналат. Технологиялар дал ушул адамдарга кызмат кылууга тийиш».

Катышуучулар программаны ишке ашыруунун алгачкы тогуз айындагы жетишкендиктерди карап чыгышты.

Тактап айтканда:

  • эмдөө боюнча iEMDOO маалыматтык системасы жаңыланып, толук эмес эмделген же такыр эмделбеген балдарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү;
  • жеке медициналык клиникалар электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасынын системасына кошулууда;
  • майыптыкты аныктоо боюнча маалымат алмашуудагы саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системаларынын ортосундагы интеграция жолго коюлду;
  • төрөткө чейинки камкордук жана башка багыттар боюнча санариптештирүү ишке ашырылууда.

Ошондой эле, 2025-жылдын III–IV кварталдарына карата иш-чаралар планы талкууланып, кабыл алынды. Бул план программаны ачык-айкын, координацияланган жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоого багытталган.

Маалымкат иретинде: Программа сапаттуу медициналык кызматтарга калыс жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Ал санариптик экосистеманы түзүү аркылуу саламаттык сактоонун бардык деңгээлдерин — алгачкы медициналык-санитардык жардамды, социалдык коргоодогу жана саламаттык сактоодогу санариптик кызматтарды, телемедицинаны камтыйт. Айрыкча көңүл айыл тургундарынын, энелер менен балдардын жана аярлуу катмарлардын муктаждыктарына бурулууда.