Мукамбетов: Топтомо фонддогу каражаттар жаранга үстөк пайызы менен берилет
12 август

Мукамбетов: Топтомо фонддогу каражаттар жаранга үстөк пайызы менен берилет

Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” эфиринде Мамлекеттик пенсиялык топтомо фонд тууралуу түшүндүрдү.

Айтымында, бул 1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектерге жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдарга тиешелүү.

“Топтомо фондко айлык акыдан 2 пайыз кармалат. Фондду түзүүнүн максаты келечек муундар пенсиясына кошумча көмөк алсын, акчасын топтоп, инвестиция кылсын деген ниет. Бул негизи пенсияга чыккандан кийин гана алынуучу каражат, бирок эгерде жаран башка өлкөгө туруктуу көчүп кетип жатса берилет. Ошондой эле пенсия курагына жетпей каза болуп калганда, мураскерлери алуугу укуктуу. Азыркы күндө топтомо каражатты төлөө жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, алуунун мүмкүнчүлүктөрү көбөйтүлдү. Анткени учурдун талабы экен, ипотекага турак жай алгандар акчабызды кийин эмес, азыр пайдаланууга уруксат бериңиздер деп суранышканынан өзгөртүү киргиздик. Эгерде камсыздандыруу фонддогу эсебинде 50 миң сомдон ашык каражат болсо, которуп ала алат”, – деди ал.

Ал белгилегендей, жарандын айлык акысынын 2 пайызы топтомо фондко кетет жана ал ошол бойдон турбайт. Ал каражатты мамлекет баалуу кагаздарга, мамлекеттик банкттардагы депозиттерге салат. Жыйынтыгында, жаран аны ала турган убакыт келгенде, үстүнө инвестициялык киреше кошулуп эсептелет.

“Узак мөөнөткө акча салынат да, эсептей келгенде болжол менен 1-1 эсебинде болот. Эгерде бул каражатка тийбей турушса, пенсияга чыккан маалда чоң сумма алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Айлык көбөйгөн сайын 2 пайыз өсө берет”, – деди Мукамбетов.