www
20 июль
Абайлаңыз! Синоптиктер сел коркунучу тууралуу эскертти
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 21-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жана суу ташкыны жүрүү коркунучу бар.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
