Кыргызстандыктар 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн көбүрөөк төлөй баштайт
30 апрель

Кыргызстандыктар 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн көбүрөөк төлөй баштайт

2026-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тариф күчүнө кирет.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында бекитилген.

Жаңы тарифтерге ылайык, айына 700 кВт·саатка чейин электр энергиясын пайдаланган калк үчүн баа 1 кВт·саатка 1,37 сомдон 1,64 сомго чейин жогорулайт – өсүү болжол менен 20% түзөт. Ал эми бул чектен ашкан керектөөчүлөр үчүн тариф 2,6 сомдон 2,94 сомго чейин көтөрүлөт.

Башка керектөөчүлөр үчүн да тарифтер жогорулайт: коммерциялык, өнөр жай жана бюджеттик уюмдар үчүн өсүш категориясына жараша орточо 10%дан 15%га чейин болот.

Министрликтен белгилешкендей, калк үчүн тарифтер социалдык багытта сакталып, электр энергиясын өндүрүүнүн чыныгы өздүк наркынан төмөн бойдон калууда. Бааларды этап-этабы менен жогорулатуу энергетика тармагындагы тартыштыкты кыскартууга жана анын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.

Өзгөчө шарттар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылы үчүн сакталган. Алар үчүн электр энергиясынын бир бөлүгү компенсациялык механизмдердин негизинде, Токтогул ГЭСи курулушуна байланыштуу өздүк нарк боюнча төлөнөт.

Министрликте ошондой эле келечекте тарифтерди 2030-жылга чейин электр энергиясынын чыныгы өздүк наркына жеткирүү пландалып жатканын билдиришти.