Элчи Султанбаев Беларустун Тышкы иштер министрлигинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
14 февраль

Элчи Султанбаев Беларустун Тышкы иштер министрлигинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы өз ара кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле быйылкы эки тараптуу иш сапарлардын жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графигин, тараптардын кароосунда турган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу тууралуу пикир алмашышты.