Ош шаарында муниципалдык эвакуаторлор иштей баштады
Ош шаарында бүгүнтөн тарта муниципалдык эвакуаторлор иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эми жол четине туура эмес жана токтотууга мүмкүн эмес болгон жайларга коюлган унаалар патрулдук милиция менен жеринде акт түзүлүп атайын унаа токтотуучу жайларга жеткирилет.
Бул өз кезегинде шаар ичиндеги баш аламан унаа токтотуунун жана тыгындын алдын алат.
