Саламаттык сактоо министри Кырчын жайлоосунда өспүрүмдү жеке өзү текшерди
видеодон алынган кадр
4 сентябрь

Саламаттык сактоо министри Кырчын жайлоосунда өспүрүмдү жеке өзү текшерди

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Кырчын жайлоосуна болгон иш сапары учурунда тез жардам кызматына жеңил жаракат алган өспүрүм кайрылды.

Министр жаш бейтаптын жанына өзү барып, аны текшерип, абалына баа берди.

Андан соң тез жардам кызматынын адистери өспүрүмгө керектүү медициналык жардам көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү Кырчын жайлоосунда медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.