Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Ош шаарында онкологиялык борбор жана Нарын шаарында оорукана куруу пландалууда
30 апрель

Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Ош шаарында онкологиялык борбор жана Нарын шаарында оорукана куруу пландалууда

2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо долбоорун талкуулашты, анын болжолдуу каржылоо көлөмү жеңилдетилген насыялоо шарттарында 80 млн АКШ долларына жакынды түзөт. Долбоордун алкагында Ош шаарында онкологиялык борборду жана Нарын шаарында көп профилдүү оорукана куруу каралууда.

Министр Дамир Осмонов жолугушуу маалында учурда Ош шаарында онкологиялык борбордун курулушу министрликтин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналарын жана ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турарын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги өз тарабынан долбоорду өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык зарыл коштоочу иштерди жүргүзөт.

«Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү жана калк үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытындагы принципиалдуу маанилүү кадам», – деп кошумчалады министр.

Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жакынкы убакта долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу менен алектене турган консалтингдик компаниянын иши башталарын билдиришти.

Саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки баскычтары үчүн долбоордук документацияны сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташууну мындан ары улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.