Сокулук районундагы 6 миңге жакын тургун таза суу менен камсыз болот
Сокулук районундагы 6 миңге жакын тургун таза суу менен камсыз болот, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылынын тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири – айылдагы таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси. Тургундар таза суу жетишсиздигин, кээ бир жерлерде суу сапаты начар экенин айтып чыгышкан. Бул маселе айылдын турмуш-тиричилигине түздөн-түз таасир берип, саламаттык сактоо жана күнүмдүк жашоо сапатына кедергисин тийгизүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” мамлекеттик мекемеси бул маселени чечүү максатында тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Азыркы учурда Жаңы-Пахта айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча 200 миллион долларлык ири долбоор ишке ашырылып жатат. Мындан сырткары, долборлоо иштерине 4 миллион доллар гранттык каражат бөлүнгөн.
Долбордун алкагында бардык керектүү техникалык, финансылык жана укуктук документтер даярдалып, тендер өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Тендер аяктагандан кийин долбоорлоо жана курулуш иштерине расмий түрдө старт берилет.
Курулуш иштери аяктагандан кийин Жаңы-Пахта жана жакынкы Мирный айылдарынын 5 миң 733 тургуну таза, коопсуз ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат. Бул долбоор айылдын социалдык-экономикалык абалына оң таасир берип, жашоочулардын саламаттыгын коргоо жана күнүмдүк турмуштун сапатын жогорулатууга багытталат.
Долбоорду ишке ашыруу менен Жаңы-Пахта айылынын тургундары таза сууга жеткиликтүүлүктү гана эмес, суу менен камсыздоо системасынын заманбап инфраструктурасын да алышат, бул келечекте айылдагы суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана келечектеги муктаждыктарды канааттандырууга шарт түзөт.
