Ноокендин Бүргөндү айылында ӨКМдин жаңы бөлүмчөсү ачылды
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Бүргөндү бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жана айыл тургундары катышты.
Мекеменин курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталып, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 17 млн сом акча каражаты жумшалган.
