Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-марттарда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, абанын температурасы төмөндөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
