Ош: мыйзамсыз объектилерди бузуу жана тротуарларды ачуу иштери жүрөт
Бүгүн, 14-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейддик кыдырууга чыгып, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Сүйүмбаев, О.Абдираимов, №73, №78, Абжалов жана Сатиев көчөлөрдүн абалын текшерди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жеринде тротуарларды ачуу, мыйзамсыз коммерциялык курулуштарды, тосмолорду алып салуу, арыктарды оңдоп-түзөө, эскилиги жеткен жарнамалык тактайчаларды жаңылоо, дарактарды кыркып тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Жеңишбек Токторбаев калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча талаптарга шайкеш келтирүү багытындагы иштерди улантууну тапшырды.
