ТИМ: Литва менен Беларусь чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши убактылуу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтык билдирүү
Литва Республикасынын Министрлер кабинети 2025-жылдын 29-октябрынан 30-ноябрына чейин Беларусь Республикасы менен «Мядининкай» жана «Шальчинкай» аттуу эки чек ара өткөрмө пунктунун ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Ошол эле учурда, "Мядининкай" өткөрүү пунктунан өтүүгө уруксат берилген төмөнкү категориядагы адамдар үчүн өзгөчө учурлар каралган:
- дипломатиялык кызматкерлер жана дипломатиялык почта жеткирип жаткан адамдар;
- Калининград шаарына транзит менен же Калининграддан келе жаткан адамдар;
- Литванын жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрүнүн жарандары, ошондой эле Литвада убактылуу жашоого уруксаты жана гуманитардык визасы бар чет өлкөлүк жарандар "Мядининкай" өткөрүү пункту аркылуу Литвага кайтып келе алышат.
Учурда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, Беларусь Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын чогулуусу болуп жатат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Литвадан чыгып кетүүнүн альтернативдүү жолдорун алдын ала иштеп чыгууну, учурдагы чектөөлөрдү эске алууну жана уруксатсыз нааразычылык акцияларына жана нааразычылык билдирүүнүн башка түрлөрүнө катышуудан алыс болууну сунуштайт.
Эгерде Литва Республикасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук колдоого муктаж болсо, төмөнкү «ыкчам байланыштар» аркылуу кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Беларусь Республикасындагы (Минск) Кыргыз Республикасынын элчилиги: +375 25 904 54 10, электрондук почтасы: kgembassy.by@mfa.gov.kg.
