Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды
КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «Т.Б.А.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан (подрядчик), «колдоо көрсөткөндүгү үчүн» - 10 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган. Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушу боюнча баасы 25 млн сомду түзгөн тендер өткөрүлгөн.
2025-жылдын 15-августунда КР КЖК 343-б.,1-бөлүгүнүн (опузалап пара алуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «Т.Б.А.» пара алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда кармалган жаран КР УКМК Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
