Бишкекте көп деңгээлдүү автотоктомолорду куруу, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди улантуу маселеси талкууланды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн Улуттук Урбан Форум - 2025 катышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
«Өнүгүү жолундагы шаар: көйгөйлөрдөн чечимдерге» деген темадагы панелдик сессияда мэр Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жана урбан-активист Алтынай Джу. спикер катары чыгып сүйлөштү.
Иш-чарада өлкөнүн туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү, транспорт реформалары, экологияны жакшыртуу, борбор калааны жашылдандыруу, коомдук аймактарды уюштуруу, көп деңгээлдүү автотоктомолорду куруу, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди улантуу сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Шаардын башчысы жаштарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди.
