Нарын шаарында 5 миң орундуу заманбап мечит курулат
Нарын шаарынын Көтөрмө чөлкөмүндө ири мечиттин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Бул облустун тарыхындагы эң чоң ибадатканалардын бири болуп, ал заманбап архитектуралык талаптар менен курулуп, 5 миң адамга ылайыкташтырылган үч кабаттуу мечит болору күтүлүүдө.
Долбоордун бардык пландоо жана кагаз иштеринин соңуна чыгышы менен, 2025-жылдын жаз айларында пайдубалы түптөлүп, расмий курулуш иштери башталат.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү жана пландары
Бул асыл жай — өзүнүн кооз архитектурасы жана заманбап шарты менен Нарындын көркүн арттырып, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана руханий чөйрө түзөт.
Мечиттин аймагында төмөнкүдөй маанилүү объекттердин курулушу пландалган:
- Казыят борбору жана аялдар борбору – диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат;
- Үч кабаттуу медресе имараты – имамдарга жана диний кызматкерлерге терең билим берүү үчүн;
- Ыңгайлуу унаа токтоочу жай – зыяратчылар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз шарт түзөт;
- Балдар аянтчасы – кичинекей бөбөктөр үчүн коопсуз жана кызыктуу эс алуу жайы;
- Мечиттин айланасы өзгөчө архитектуралык эстетикага ылайык кооздолуп, ар бир чарчы метри жашылдандырылып, тургундар үчүн эс алуу аймагына айландырылмакчы.
