Жерди пайдаланууну контролдоо: муниципалитеттин карамагына эки жер тилкеси кайтарылды
14 февраль

Жерди пайдаланууну контролдоо: муниципалитеттин карамагына эки жер тилкеси кайтарылды

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Биринчи май районунун аймагында муниципалдык участокторду пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталды.

Ошентип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын олуттуу бузууларды аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Лев Толстой көчөсүндөгү эки муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз пайдаланылып жатканы аныкталган.

Тактап айтканда, убактылуу пайдаланууга берилген 0,215 га (2000-жылы) жана 0,03 га (1999-жылы) жер тилкелери келишимдик документтер талаптагыдай таризделбестен пайдаланылган.

Белгиленген мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көрсөтүлгөн муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан объектилерди бузуу жана демонтаждоо жолу менен баштапкы абалына кайтаруу боюнча Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 27-ноябрындагы чечими менен менчик ээси 2450 чарчы метр объектти өз ыктыяры менен демонтаж кылган. Бул аракеттердин натыйжасында муниципалдык жер тилкеси  бошотулуп, муниципалитеттин карамагына кайтарылды.