Кыргызстан жана Өзбестан транспорт тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
26 февраль

Кыргызстан жана Өзбестан транспорт тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тараптар транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Авто жол куруунун бир катар маанилүү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун жана бул жаатта жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын жыйынтыгында жетишилген башка макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар транспорт тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.