Кыргызстан Иранга 130 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирди
Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Иран Ислам Республикасынын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти.
КР ӨКМден кабарлашкандай, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан сапар алышкан.
