Кыргызстан менен Кытай кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.
КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 15-июнда өткөн.
Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарларга даярдык көрүү маселелерине бурулду.
Маектештер стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибиндеги негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Лю Цзянпин Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен кыргыз тарапты өзүнчө куттуктап, бул окуянын өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгү үчүн маанисин белгиледи.
Өз кезегинде министр Кулубаев ыраазычылыгын билдирип, Коопсуздук Кеңешиндеги иштин алкагындагы өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду жана Кыргызстан глобалдык коопсуздукту чыңдоого өз салымын кошууга умтуларын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу жана пландаштырылган көп тараптуу иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү максатында тыгыз диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
