“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
15 октябрь

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү жана айыл өкмөттөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү айыл аймагынын жергиликтүү тургунун айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындоого тыюу салууну алып салууну караган өзгөртүү киргизүү сунушталат.