Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 0-3,1-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жумуштар министрликке караштуу № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Азыркы тапта бир тараптуу 1200 метр аралыкка асфальт катмары басылды.
Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
