Таш-Көмүр шаарына жаңы атайын техникалар алынды
26 февраль

Таш-Көмүр шаарына жаңы атайын техникалар алынды

Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык ишканаларына жети даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Унаалардын ачкычын күн мурун, 25-февралда облус башчысы Тилек Текебаев тапшырган.  

Атайын техникалар үчүн жалпы 29 млн 371 миң сом каражат жумшалып, Таш-Көмүр шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 100 млн сом акча каражатынын эсебинен алынган.

Мында:

  • эксковатр,
  • автомунара,
  • 2 таштанды ташуучу,
  • 1 суу ташуучу,
  • эки даана ассенизатор техникалары бар.

Облус башчысы жаңы техникалар шаардын тазалыгын камсыздоо, жашоочулардын муктаждыктарын жеңилдетүү максатында алынганын белгиледи.