Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 40тан ашуун майыптыгы бар адамга жүрүп-турууга жардам көрсөтүлдү
4 сентябрь

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 40тан ашуун майыптыгы бар адамга жүрүп-турууга жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө тартылды.

«Газпром» спорт комплексинин аймагында майыптар арабасы менен жүргөн адамдар үчүн атайын транспорттук коштоо уюштурулуп, аларды иш-чаралар өтүүчү жерлерге жеткирүү камсыздалууда.

Бүгүнкү күнгө карата социалдык коргоо системасынын кызматкерлери 40тан ашуун адамга жардам көрсөтүп, аларды иш-чаралар өтүүчү жерлерге коштоп барышты. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келген чет өлкөлөрдүн майыптыгы бар жарандары да бар.

Мындан тышкары, атайын уюштурулган ишеним телефонуна ар кандай консультациялык маселелер боюнча 1 миңге жакын кайрылуу келип түштү. Адистер зарыл болгон маалыматтарды берип, Оюндардын аймагындагы жеткиликтүү инфраструктура жана жүрүп-турууну уюштуруу боюнча багыт көрсөтүүдө.

Чет өлкөлүк коноктор түзүлгөн шарттарды белгилеп, көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында майыптыгы бар адамдарды коштоо жана аларга жардам көрсөтүү иштери жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

1-сентябрдан 6-сентябрга чейин социалдык коргоо системасынын адистери Оюндардын өтүүчү аянтчаларында иштеп, консультациялык жардам көрсөтүүдө, спорттук объектилердин аймагында багыт алууга көмөктөшүүдө, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жүрүп-туруусуна көмөк көрсөтүүдө.