1-декабрдан тарта лицензиясы жок таксисттер сервистер аркылуу жаңы буйрутма ала алышпайт
Кыргызстанда такси кызматына буйрутмаларды кабыл алган маалыматтык системаларга жана агрегаторлорго коюлган талаптар күчөтүлдү.
Өзгөртүүлөргө ылайык, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча сервистер айдоочунун статусу тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Тактап айтканда, айдоочу линияга чыктыбы, буйрутманы аткарып жатабы же жаңы буйрутмаларды кабыл алууга жеткиликсизби деген маалымат көрсөтүлүшү керек.
Мындан тышкары, агрегаторлор ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин бар-жогун көзөмөлдөөгө милдеттүү. Бул үчүн, анын ичинде фотокөзөмөл функциясы колдонулат.
Ошондой эле такси ташуусунда оң рулдуу унаалардын колдонулушуна жол берилбеши камсыздалышы керек.
Эгер система айдоочунун же ташуучунун колдонуудагы лицензиясы жок экенин, лицензиясы убактылуу токтотулганын же жараксыз деп табылганын аныктаса, агрегатор жаңы буйрутмаларды берүүнү токтотуп, бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө тийиш.
Мындан тышкары, такси кызматтарына буйрутма берүүчү маалыматтык системалар айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин сактоосун көзөмөлдөөнү буйрутмаларды берүүнү чектөө аркылуу камсыз кылышы керек.
Такси кызматтарына буйрутма берүүчү маалыматтык системалар аркылуу иштөө үчүн айдоочуда жарактуу лицензиянын болушу жөнүндөгү талап 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.
