Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарын алдын алуу максатында күнү-түнү рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун тапшырмасынын негизинде облус аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында күнү-түнү атайын рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Бул иш-чаралардын алкагында облустагы бардык райондордо жана шаарларда коомдук транспорттор, жүргүнчү ташуучу унаалар, жүк ташуучу унаалар, жеке автоунаалар сыяктуу ар кандай транспорт каражаттарына көзөмөл күчөтүлдү. Айрыкча, жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин техникалык абалы, документтери жана айдоочулардын жол эрежелерин сактоо деңгээли тыкыр текшерилүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана техникалык көзөмөлдөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жол эрежелерин одоно бузган, транспорт каражаттарынын техникалык талаптарга жооп бербеген айдоочулары аныкталып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Айрым учурларда автоунаалар айып аянтчасына токтотулуп, административдик протоколдор түзүлүүдө.
Муну менен катар, мындай алдын алуу иштеринин алкагында түшүндүрүү иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Айдоочуларга жолдо жүрүү эрежелери, ылдамдыкты ашырбоо, коопсуз аралыкты сактоо, мас абалында рулга отурбоо жана чарчаган абалда жолго чыкпоонун маанилүүлүгү боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл ОИИБ коомдук коопсуздукту жана жарандардын өмүрүн сактоо үчүн мындай профилактикалык рейддерди мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүп турарын билдирет жана бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.
