V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт
Кыргызстанда V Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтөт. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, курултайга катышуу үчүн 700 делегат шайланат.
Жарлык менен делегаттар үчүн квоталар, уюштуруу комитетинин курамы жана анын ишмердүүлүгү тууралуу убактылуу жобо бекитилди.
Делегаттарды шайлоо тартиби IV Элдик курултайдын Улуттук кеңеши тарабынан иштелип чыгып, бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
Уюштуруу комитетине делегаттарды шайлоону координациялоо, зарыл чечимдерди кабыл алуу жана курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү милдеттери жүктөлдү. Бул иштерге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер тартылат.
Делегаттарды шайлоону уюштурууга Элдик курултайдын катчылыгы, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү министрликтер да катышат.
Ички иштер министрлигине жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды.
Кыргызстанда буга чейин төрт Элдик курултай өткөн. Биринчи курултай 2022-жылдын 25–26-ноябрында, экинчиси 2023-жылдын 15–16-декабрында, үчүнчүсү 2024-жылдын 20–21-декабрында, төртүнчүсү 2025-жылдын 25–26-декабрында өткөрүлгөн.
