Чүй ОИИББ: “Арсенал” рейдинин жүрүшүндө 1900дөн ашык курал текшерилди
Чүй облусунда 10-июлдан тартып 14-июлга чейин облус аймагындагы ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын коомдук коопсуздук кызматынан жана кылмыш иликтөө кызматынан 400дөн ашык кызматкери тартылып, рейддин жүрүшүндө облус аймагында жеке күзөт агенттиктер, газ травматтык курал сактаган жарандар жана аңчылык сүйүүчүлөр текшерүүгө алынып, жалпы 1900дөн ашык курал-жарак ээлери текшерүүдөн өткөрүлдү. Тактап айтканда 75 сыйлыкка берилген курал ээлери, 1268 мергенчи сүйүчүлөр, 577-газ-травматикалык куралдардын ээлери, текшерүүгө алынган.
Рейддин алкагында Укук бузуулар боюнча 67 протокол толтурулуп, тиешелүү документтери жок 12 ок атуучу курал-жарак алынып, милиция кызматкерлери тарабынан 288 миң сом айып пул салынган. Ошондой эле бул иш-чаранын жүрүшүндө өз ыктыяры менен 24 курал-жарак алынган.
Чүй ОИИББы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.
