Ысык-Көл районундагы пляжда гидроскутер 7 жаштагы баланы сүзүп кетти
2025-жылдын 14-июль күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында жашы жете элек, 7 жаштагы өспүрүмдү суудагы скутер сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат Ысык-Көл РИИБге келип түшкөн.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында скутердин айдоочусу – 1978-жылы туулган, Булан-Сөгөттү айылынын тургуну Д.А. кармалып, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген.
Жабыркаган өспүрүм райондук ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашты. Ошондой эле жабырлануучу өспүрүмгө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
