Кочкор районунда Чолпон–Шахта–Туз жолу асфальтталды
Нарын облусунун Кочкор районунда Чолпон–Шахта–Туз унаа жолунун 1 чакырым тилкеси толук асфальтталып бүткөрүлдү.
Бул иштер Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, белгиленген планга ылайык жүргүзүлдү.
Чолпон–Шахта–Туз жолу район үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал туз шахтасына жана “Куйгон-Суу” сыяктуу белгилүү туристтик жайларга жетүүнү камсыз кылат. Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн күнүмдүк жүрүштү жеңилдетип, туристтердин ыңгайлуу жана коопсуз каттоосуна шарт түзөт.
Аталган иштерди “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
