Таңкы рейд: Оштогу бир катар көчөлөр иретке келтирилет
9 март

Таңкы рейд: Оштогу бир катар көчөлөр иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте бүгүн, 9-мартта Ишматов, Латибджанов, Набережная көчөлөрүн кыдырып, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы ички көчөлөрдүн абалын текшерди.

Шаар мэри аталган көчөлөрдү иретке келтирип, кызыл сызыктан чыккан курулуштарды алып салуу, айрымдардын чегин тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, тротуарларды, арык лотокторун, аялдамаларды талапка ылайык куруу тапшырылды.

Шаар көчөлөрүн иретке келтирүү иштери улантылат.