Нарында улуттук коопсуздук боюнча окуу сабактары болуп өттү
18 август

Нарында улуттук коопсуздук боюнча окуу сабактары болуп өттү

Ушул жылдын 11-13-август күндөрү Нарын шаарында "Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу” темасында окуу курсу уюштурулду.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстандын 40 райондук жана мамлекеттик администрацияларынын башчылары, акимдери жана шаар мэрлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жолболду Кочконов катышуучуларга 2021-жылдын 5-майындагы “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы укук бузуулардын алдын алуу субъекттери экенин эскертти. Ал санариптештирүү багытындагы иштер тууралуу айтып, Кырдаалдык борбордун иши менен жеринде тааныштырды. Ошондой эле Атайын операциялык отряддын ыкчам аракеттери жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Жолболду Кочконов өз сөзүндө, “Коопсуз аймак - коопсуз шаар” долбоорунун алкагында сервистик тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, коомдук жайларда орнотулган видеокамералар укук бузуулардын алдын алууда жана кылмыштарды ачууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле 2025-жылы ИИМ кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү максатында автотранспорт маселеси толук чечилди. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте алыскы аймактарда жашаган жарандардын кайрылууларын кабыл алып, алардын маселелерин жеринде чечүү үчүн көчмө милиция кабылдамалары уюштурулду.

Азыркы учурда облус аймагында жалпы 31 объектиде курулуш иштери жүрүүдө. Бул курулуш иштери аяктап пайдаланууга берилген соң элдин күнүмдүк көйгөйүн чечүүгө жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү жаатында иштер жакшыраарын маалымдады. Жакынкы күндөрү ИИМ тарабынан нөөмөт бөлүмдөрү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматтары жаңы атайын автотранспорттор менен жабдыларын кошумчалады.

Иш-чара соңунда катышуучулар өз суроолоруна жооп алып, милиция кызматкерлеринин ишине жогору баа беришти.