Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титирөө катталды
9 март

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титирөө катталды

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 05:21де жана 05:26да катталып, экөөндө тең күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 (Кайырма-Арык айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кереге-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 25 чакырым түштүктө) чейин сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга (Канжыга айылынан 14 чакырым чыгышта, Тараалча айылынан 14 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.