Бакыт Төрөбаев Ош аймактык башкармалыгынын биолабораториясында жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапары учурунда Ош аймактык башкармалыгынын биолабораториясында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.
Иш-чара Ош облусунун регионалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Биолабораториянын имаратын жана ички бөлмөлөрүн капиталдык оңдоого 4 млн 150 миң сом, лабораториялык жабдууларды сатып алууга 2 млн 452 миң сом бөлүнгөн. 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин жалпы 6 млн 161 миң сомдук атайын жабдуулар алынаары күтүлүүдө.
Жаңыланган лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өсүмдүктөрдү биологиялык коргоодо колдонулуучу энтомофагдарды – златоглазка менен габробраконду өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул аймакта коопсуз органикалык продукцияларды өндүрүүнү кеңейтүүгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
