Министрлер кабинети
15 июнь
Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 16-17-июнунда жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.
Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.
