Кыргызстан Литва жана Беларусь менен ветеринардык кызматташтыгын кеңейтүүдө
29 май

Кыргызстан Литва жана Беларусь менен ветеринардык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кыргызстан Литва жана Беларусь менен ветеринардык кызматташтыгын кеңейтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, КР Ветеринардык кызматынын директору Улугбек Кожобергенов Белоруссиянын айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары – ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу департаментинин директору Иван Смильгинь жана Литванын Мамлекеттик азык-түлүк жана ветеринардык кызматынын башкы ветеринардык врачы Вайдотас Кюдулас менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Франциянын Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) 92-Башкы сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуу ветеринария жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара тажрыйба алмашууга багытталды. 

Иван Смильгинь менен болгон жолугушууда ветеринардык тармактагы өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда:

•    жаныбарлардан алынган азыктарды экспорттоо жана импорттоо маселелери;

•    ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды өткөрүү;

•    лабораториялык ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтык.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториялык адистерин жакынкы арада Белоруссияда окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.

Ал эми Вайдотас Кюдулас менен жаныбарлардын саламаттыгына, азык-түлүк коопсуздугуна жана трансчекаралык оорулар менен күрөшүүгө тиешелүү маселелер талкууланды. 

Өз кезегинде Кюдулас ветеринардык контролдоо, эпизоотиялык көзөмөл жана жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоодо жана алдын алууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча литвалык тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын эл аралык жана европалык стандарттарга шайкеш келтирүүдө кызматташуунун келечеги талкууланды.  Бул экспортту өнүктүрүүгө жана соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт. 

Мындан тышкары тараптар аймактык жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурган жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарынын, анын ичинде шарп, африкалык чочко ылаңынын жана башка трансчек аралык оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерге даярдыгын билдиришти. 

Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов: "Бул жолугушуу биздин кызматташуубуз үчүн жаңы горизонтторду ачат жана ветеринария жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы учурдагы чакырыктарды натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Биз Литванын тажрыйбасын жогору баалайбыз жана мыкты тажрыйбаларды колдонууга даярбыз” деп билдирди. 

Ал эми Вайдотас Кюдулас: "Литва ар дайым өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр. Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоо региондогу ветеринардык бакубаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга өз ара пайда алып келет деп ишенебиз” деп кошумчалады.