Каракол шаарында жолдорду капиталдык оңдоо жана куруу иштери кызуу жүрүп жатат
Каракол шаарында жолдорду капиталдык оңдоо жана куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Аткаруу иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Каракол шаарынын “Жол-Чарба” муниципалдык ишканасы жергиликтүү деңгээлде өз убагында колдоо көрсөтүп келет.
Учурда Каракол шаарында төмөнкү көчөлөрдө тиешелүү иштер жүрүп жатат:
1. Масалиев көчөсү
2. Ахунбаев көчөсү
3. Торгоев көчөсү
4. Гебзе көчөсү
5. Исламов көчөсү
6. Асанбулатов көчөсү
7. Эгембердиев көчөсү
8. Кузбасс көчөсү
9. Ташбаев көчөсү
Бардык иштер бекитилген графикке жана сапат талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.
Быйыл Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 6 километр 600 метр, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармалыгы тарабынан 18 километр 500 метр жол салынат.м
