Транспорт министри Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги иштер менен таанышты
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 17-августта Бишкек – Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан жол оңдоо иштеринен кабар алды.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуш иштери башталгандан бери 18 чакырым эки тараптуу асфальт басылды.
Учурда асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде жолдун негизин даярдоо, суу түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда.
Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт –бетон заводу орнотулган. Учурда заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек – Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды.
