Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандын биринчи айымдары "Алтын балалык" борборуна барышты
Сүрөт ачык булактардан алынды
31 июль

Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандын биринчи айымдары "Алтын балалык" борборуна барышты

Бүгүн, 31-июлда, Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова Азербайжан Республикасынын биринчи айымы Мехрибан Алиева жана Өзбекстан Республикасынын биринчи айымы Зироат Мирзиёева менен биргеликте Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо борборуна барышты.

Ардактуу конокторду борбордун тарбиялануучулары тосуп алып, аларга гүл тапшырышты.

Борбордо биринчи айымдар билим берүү боюнча мастер-класстардын иши менен таанышып, балдар менен баарлашып, чыгармачылык сабактарга катышышты. Аларга улуттук оюндардын негизинде майда моториканы жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган оюндар, ошондой эле робототехника жана билим берүүнүн башка заманбап багыттары боюнча сабактар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, биринчи айымдарга ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо борборунун ишмердүүлүгү, анын негизги багыттары жана ишке ашырылып жаткан программалары тууралуу маалымат берилди.

Программанын өзүнчө бөлүгү Кыргызстандын салттуу маданияты жана элдик кол өнөрчүлүгү менен таанышууга арналды.

Иш-чаранын соңунда биринчи айымдар пирсте жайгашкан көркөм сүрөт галереясына барышты. Анда Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстандын элдеринин достугуна арналган жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.