Бишкек: коомдук жайларда «никаб» кийгендерге эскертүүлөр берилди
Борбордук милициянын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери тарабынан никаб кийүүнү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКАК кызматкелери жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери тарабынан көчөлөрдө жана коомдук жайларда чүмбөттөлгөн, жүзү жабык айымдарга жана кыздар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан, жоолук салынган айымдаргы Кыргыз Республикасынын “Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексиндеги 127-1 беренесинин талаптары жеткирилип, жоолугу менен бирок, жүзүн ачык болушу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүлдү.
Ошону менен бирге, никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынган кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттерин алдын алуу максатында, жогоруда белгиленген мыйзамдарды талаптарына ылайык, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда, жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салынгандыгы эскертилди.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн учурлар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексиндеги 127-1 беренесинин талаптарына ылайык, 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (20 000 сом) айып пул салынат.
