Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү унаа урдоого шектүү жаранды кармашты
2025-жылдын 24-сентябрында болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Иманалиев көчөсүндөгү үйдүн короосунан “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү унаа белгисиз адам тарабынан мыйзамсыз айдалып кеткен.
Бул факты боюнча жабырлануучу 1976-жылы туулган Ч.Р.Ж. укук коргоо органдарына кайрылып, унааны айдап кеткен Ж.К. аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде, шектүү жаран Жалал-Абад облусундагы Ош–Бишкек автоунаа жолунун 454-чакырымынан унаа айдап бара жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
